Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Мамлекеттик ишмер Жаныш Рустенбеков дүйнөдөн кайтты


Жаныш Рустенбеков.
Жаныш Рустенбеков.

Мамлекеттик ишмер Жаныш Рустенбеков 74 жашында көз жумганын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 11-июлда билдирди.

Рустенбеков 1993-1995-жылдары мамлекеттик катчы, президенттин администрациясынын жетекчиси, кийин Ош облусунун губернатору, Токой чарба агенттигинин директору болуп иштеген.

2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, 2005-2007-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган.

2007-2022-жылдары Кыргызстандын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы элчиси кызматын аркалаган.

Маркум эмнеден улам кайтыш болгону, тажыясы качан болору жана сөөгү кай жакка коюлары маалымдала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG