Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:07

Казакстанда президент блогерлерди салык төлөөгө милдеттендирген мыйзамга кол койду


Казакстандагы белгилүү блогер Айжан Байзакова. Cүрөт анын "Инстаргамдагы" баракчасынан алынды.
Казакстандагы белгилүү блогер Айжан Байзакова. Cүрөт анын "Инстаргамдагы" баракчасынан алынды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев блогерлик тармакты тескеген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы 10-июлда билдирди.

Быйыл сентябрь айында күчүнө кире турган мыйзамга ылайык, социалдык тармактардагы жарнама аркылуу акча тапкандар кирешесинен салык төлөөгө милдеттендирилет. Андан тышкары жалган маалымат тараткандарга административдик айып пул салынат. Ошондой эле инфлюенсерлер расмий эсеп-кысап жүргүзүү керек болот.

Казакстандык көпчүлүк блогерлерге бул мыйзам долбоору жаккан жок. Ал эми казакстандык укук коргоочулар бул мыйзам аркылуу ар бир блогер "жалган маалымат таратты" деген шылтоо менен жоопкерчиликке кабылып калышы мүмкүн экенин эскертишет.

Ал эми эксперттер мындай мыйзамды кабыл алуунун кажети жоктугун, башка мыйзамдар деле ар бир жаранды өз кирешесинен салык төлөөгө милдеттендирерин айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG