Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:07

Кремль "Азовдун" командирлеринин Киевге өткөрүлүп берилиши дан келишимин бузганын билдирди


Украинанын президенти Владимир Зеленский "Азов" полкунун беш командирин Түркиядан Украинага алып келатат. Украин президентинин кеңсеси тараткан сүрөт Рейтерс агенттигинен алынды. 8-июль, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский "Азов" полкунун беш командирин Түркиядан Украинага алып келатат. Украин президентинин кеңсеси тараткан сүрөт Рейтерс агенттигинен алынды. 8-июль, 2023-жыл.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков 10-июлда билдиргендей, Түркиянын «Азов» полкунун командирлерин Украинага өткөрүп бериши Москва, Киев жана Анкара ортосундагы макулдашууну бузганын билдирди.

Өткөн аптада Түркия Киевге беш украиналык командирди өткөрүп бергенден кийин Москва менен Анкаранын ортосундагы алакалар бузула түштү.

Беш командир Түркиядан 8-июлда президент Владимир Зеленский менен Украинага кайтып келген.

Мариуполдогу "Азов" полку бир нече ай "Азовсталды" коргоп орус армиясына туруштук бергени менен дүйнөгө таанылган.

Аларды былтыр сентябрда Орусия туткун алмашууда украиналык саясатчы Виктор Медведчуктун ордуна өткөрүп берген. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон ортомчулук кылган сүйлөшүү шартына ылайык, алар согуш аяктаганга чейин "коопсуз жана ыңгайлуу шартта" Стамбулда болушу керек эле.

Песков билдиргендей, Москва алардын бошотулушу тууралуу түшүндүрмө талап кылат жана Анкара менен кийинки келишимдерди түзүүдө бул жагдайды эске алат.

Дан келишими тууралуу суроого жооп берип жатып Песков учурда президент Владимир Путиндин Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуу пландары жок экенин жана качан жолугары белгисиздигин айтты.

Москва буга чейин бир нече ирет мөөнөтү 17-июлда аяктай турган келишимди узартууга негиз көрбөй жатканын билдирип келген.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.

Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү улам узартылып келе жаткан. Андан бери Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG