Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Баткендеги жоокердин өлүмүн аскер прокуратурасы иликтеп жатат


Кыргыз жоокери, иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз жоокери, иллюстрациялык сүрөт.

Баткендеги 35524-аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан жоокердин мерт болушун тергеп, иликтөө башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратурадан кабарлашты. Ага ылайык, окуя Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Мунун алдында Коргоо министрлиги бир жоокер куралды этиятсыз колдонгондун айынан өзүн кокусунан атып алып, мерт болгонун билдирген.

"Окуянын себеби такталып жатат, бул фактыга байланыштуу кызматтык иликтөө башталды", - деп жазылган маалыматта.

Аскердик кызматын өтөп жатып, өзүн кокусунан атып алган, жараат алган, каза болгон жоокерлер боюнча түрдүү окуялар буга чейин да катталып келген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2022-жылы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө каза болгон төрт жоокердин окуясы суицид деп катталганын кабарлаган.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун эсебинде, 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG