Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:30

Наркология борборунда 7,5 миңден ашуун адам каттоодо турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Республикалык наркология борборунда расмий каттоодо тургандар бүгүнкү күндө 7,5 миңден ашуун адам. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекемеден кабарлашты.

Каттоодо турган 7672 адамдын 7230у эркек, 442си аял. Дарыгерлер белгилегендей, баңгиликке берилгендердин басымдуу бөлүгү 18 жаштан 45 жашка чейинкилер. Алардын социалдык статусу ар түрдүү.

Бейрасмий маалыматтарда өлкөдө маңзаттын тузагына илингендер 25 миңден ашуун экени айтылып жүрөт.

Учурда спайс, соя өңдүү синтетикалык маңзат колдонгондор да көбөйүүдө. "Азаттык" буга чейин интернет аркылуу маңзат бизнеси кантип жайылып жатканын иликтеп чыккан. (JEg)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG