Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

"Азовсталдын" коргоочуларынын командирлери кайра согушка катышат


 Түркиядан кайтып келген "Азовсталды" коргогон жоокерлердин командирлери.
Түркиядан кайтып келген "Азовсталды" коргогон жоокерлердин командирлери.

Түркиядан Украинага кайтып келген "Азовсталды" коргогон жоокерлердин командирлери кайра согушка катышат. Бул тууралуу "Азов" полкунун башчысы Денис Прокопенко Львовдо журналисттер менен жолугушууда билдирди.

"Мен армия - бул командалык иш экенине терең ишенем жана биз бүгүнкү күндөн тартып күрөштү улантабыз, биз согушта сөзсүз өз сөзүбүздү айтабыз. Эң башкысы, украин армиясы фронтто стратегиялык демилгени колго алды жана күн сайын алдыга жылып жатабыз", - деди Прокопенко.

"Азовсталды" коргогон жоокерлердин беш командири Түркиядан 8-июлда президент Владимир Зеленский менен кайтып келген. Аларды былтыр сентябрда Орусия туткун алмашууда украиналык саясатчы Виктор Медведчуктун ордуна өткөрүп берген. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон ортомчулук кылган сүйлөшүү шартына ылайык, алар согуш аяктаганга чейин "коопсуз жана ыңгайлуу шартта" Стамбулда болушу керек болчу. Москва командирлердин Украинага кайтып келишин айыптап, келишимдин шарттары бузулганын эскертти.

Мариуполдогу блокада былтыр мартта башталып, май айынын ортосуна чейин созулган. Аймактагы "Азовсталь" заводун коргогондор сүйлөшүүлөрдүн алкагында "кийин тутун алмашууда бошотулат" деген шарт менен чыккан. Орусиянын Коргоо министрлиги 2022-жылы 20-майда аталган завод Москванын көзөмөлүнө өткөнүн, 2439 украин жоокери туткунга түшкөнүн билдирген. Ошондон бери алардын айрымдары Киевге өткөрүлүп берилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG