Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Президент Жапаров мамлекеттик сапар менен Монголияга барды


Президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова. Улан-Батор шаары. 9-июль, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова. Улан-Батор шаары. 9-июль, 2023-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына барды. Жапаровду "Чыңгызхан" эл аралык аэропортунан Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн тосуп алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.

“Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, эки тараптуу документтер кабыл алынат. Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Монголиянын эки шаарында - Улан-Батор жана Эрдэнэтте өтөт”, - деди Султанбаев.

Буга чейин президенттин аппарат Жапаров ал өлкөгө Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен баратканын билдирген. Маалыматка ылайык, мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Улуу мамлекеттик хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Кыргызстандын делегациясынын курамында президенттин жубайы Айгүл Жапарова, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев жана башкалар ар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG