Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Нидерланд: миграция маселесинен улам башкаруучу коалиция ыдырады


Марк Рютте.
Марк Рютте.

Нидерландда өкмөт миграциялык чектөө тууралуу макулдаша албагандан кийин тарады. Өлкөнүн премьер-министри Март Рютте отставкага кетерин жарыялады. Анын консервативдүү "Эркиндик жана демократия үчүн элдик партиясы" башпаанек берүү шарттарын катаалдаштырууга аракет кылып жаткан. "Христиан демократтар" партиясы мындан дагы катуу чараларды киргизүүнү сунуштаган. Башкаруучу коалициянын башка эки мүчөсү - "Демократтар 66" жана "Христиан биримдиги" болсо миграциялык саясатты катаалдаштырууга көнгөн эмес.

"Тилекке каршы, пикир келишпестикти жөнгө салуу болбой калганын моюнга алабыз",-деди Рююте жана отставкага кетерин жарыялады.

Мигранттар маселеси тууралуу талаш-талкуу ушул жумада курчуган. Анда Рютте Нидерландга согуш болуп жаткан аймактан качып келгендердин балдарынын келишин чектөөнү сунуштаган. Премьер-министрдин демилгесине ылайык, качкындар үй-бүлөсү менен эки жылдан кийин гана кошулууга мүмкүндүк берилмек. "Демократтар 66" жана "Христиан биримдиги" партиялары бул сунушка караманча каршы чыккан.

Жаңы өкмөт куралганга чейин азыркы министрлер милдетин аткарып турат жана миграция маселесине байланыштуу чечим кабыл алышпайт. Парламенттик шайлоо болжол менен ушул жылдын ноябрь айында өтөт. Нидерландда 2010-жылдан бери өкмөт башчы болуп турган Рютте кезексиз шайлоодо партиясын жетектеп барары айтылып жатат.

Былтыр бул өлкөдөн башпаанек алуу үчүн арыз бергендер кескин көбөйгөн жана алардын саны 46 миңден ашкан. Качып келгендердин теңинен көбү Европа мамлекеттеринин тургундары болгон.

Бийликтин божомолунда, быйыл башпаанек алгысы келгендердин саны 70 миңге чейин жетиши мүмкүн. Качкындардын көбөйүшүнөн улам өлкөдө турак-жай кымбаттап, таңкыстык жаралды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG