Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Тажикстанда уурдалган банкир Исматуллоев киши колдуу болду


49 жаштагы Исматуллоев өлкө президенти Эмомали Рахмондун кайниси Хасан Асадуллозоданын жакын адамдарынын бири болгон.
49 жаштагы Исматуллоев өлкө президенти Эмомали Рахмондун кайниси Хасан Асадуллозоданын жакын адамдарынын бири болгон.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы банкир Шухрат Исматуллоевдин уурдалып өлтүрүлүшүнө байланыштуу беш адам кармалганын билдирди. Анда "Ориёнбанктын" жетекчисинин орун басары Исматуллоевди Дилшод Саидмуродов түзгөн кылмыштуу топ барымтага алганы айтылат.

Тергөө материалдарына ылайык, 10 адамдан турган бул топ банкирди былтыр мартта эле уурдап кетүүнү пландаштырган. Кандайдыр бир себептер менен алардын максаты былтыр ишке ашкан эмес.

Ал арада социалдык тармактарга "Рустам Ашуров Исматуллоевдин өлтүрүүгө катыштыгы бар экенин айтты" деген видео тарады. Ашуров 30-июнда Молдовада Кишинев эл аралык аэропортунда эки адамды атып салган жана өзү кармоо учурунда жараат алып, ооруканада көз жумган.

Башкы прокуратура кармалган беш адамдын аты-жөнүн ачыкка чыгара элек. Буга чейин кылмышка шектүүлөрдүн арасында күч органдарынын мурдагы офицерлери, кызматкерлери бар экени айтылган.

49 жаштагы Исматуллоев өлкө президенти Эмомали Рахмондун кайниси Хасан Асадуллозоданын жакын адамдарынын бири болгон. Ал 23-июнда дайынсыз жоголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG