Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Кемпир-Абад иши: келерки соттук отурум 20-июлга белгиленди


Кемпир-Абад маселесине байланыштуу айыпталып жаткандар. Архивдик сүрөт.
Кемпир-Абад маселесине байланыштуу айыпталып жаткандар. Архивдик сүрөт.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын келерки сот жараяны 20-июлга белгиленди. Буга ишти караган судьянын эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени себеп болду. Бул тууралуу кармалгандардын адвокаттары кабарлады.

Ишти Биринчи Май райондук соту 22-июндан тартып жабык карай баштаган. Айыпталуучулар сот жараяны ачык өтүшүн талап кылышкан.

7-июлда Адам укугу жана эркиндиги жаатында алектенген бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандын бийлигине кайрылып, Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын ишин эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдардын, милдеттенмелердин негизинде калыс жана ачык иликтөөнү камсыз кылууга чакырышты.

“Биз ишти тергөөчү жабык деп жарыялап койгонуна, коомчулукка жана жалпыга маалымдоо каражаттарына тергөөнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилбегенине өтө тынчсызданып жатабыз. Ишти карап жаткан Биринчи Май райондук соту да процесстин ачык болушуна уруксат бербей жатат. Сот процесстеринин ачыктыгы мыйзам үстөмдүгүнүн жана акыйкат териштирүүнүн туу чокусу экенин эскертип койгубуз келет. “Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка” кол койгон өлкө катары Кыргызстан соттун ачык өтүүсүн камсыздоого милдеттүү. Эч ким пикирин ачык билдиргени, тынч жыйынга чогулганы үчүн куугунтукка алынбашы керек. Сот жараяны ачык жүрбөсө, Кыргызстан Борбор Азиядагы адам эркиндигинин жана укуктарынын үлгүсү деген атынан чегинген болот”.

Кайрылууга “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк”, “Евразия эркиндиги”, “Эркиндик азыр”, “Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду” жана “Норвегия Хельсинки комитети” уюмдары кол коюшкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектеги “Casa Italia” кафесиндеги жолугушуусунан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатышат.

Ал эми президент Садыр Жапаров кармалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG