Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Пакистандыктар Швецияда Курандын өрттөлүшүн айыптап, митингге чыгышты


"Жамаат-и-Ислами" оңчул диний партиясынын активисттери Куран китебинин өрттөлүшүнө нааразылык билдирип, Швециянын желегин өрттөп жатышат. Пакистан, Мултан шаары. 3-июль, 2023-жыл.
"Жамаат-и-Ислами" оңчул диний партиясынын активисттери Куран китебинин өрттөлүшүнө нааразылык билдирип, Швециянын желегин өрттөп жатышат. Пакистан, Мултан шаары. 3-июль, 2023-жыл.

Пакистан боюнча бардык мусулмандар 7-июлда, жума намаздан кийин митингге чыгып, "Ыйык Куран күнүн" белгилешти. Буга чейин өлкөнүн премьер-министри Шахбаз Шариф Стокгольмдо ыйык Куран китебинин өрттөлүшүнө нааразылык билдирип, Швецияга каршы митингдерге чыгууга чакырган.

"Куранга келгенде улут бир. Бүгүн биз бүтүндөй өлкө боюнча жума намаздан кийин "Ыйык Куран күнү" деген аталыштагы нааразылык митингдерге чыгабыз", - деп жазды ал Твиттерге.

Баш калаа Исламабадда Курандын көчүрмөлөрүн кармаган адамдар Жогорку Соттун алдына чыгышты, айрымдар мечиттердин алдында чакан митингдерди өткөрүп, Швеция менен дипломатиялык алакаларды үзүүгө үндөштү.

28-июнда Ислам дүйнөсү Курман айт майрамын белгилеп жатканда 37 жаштагы ирактык качкын Салван Момика Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китебин тепкилеп, өрттөгөн. Окуя тартылган видео интернетке тараган. Полиция акцияны кайтарып, коомдук тартипти көзөмөлдөп турган.

Швециядагы мусулмандар жамааты окуя боюнча өкүнүчүн билдирди.

Сауд Арабиясы, Ирак, Иран, Марокко жана Ислам дүйнөсүнүн башка өлкөлөрү Швецияда мусулмандардын ыйык Куран китебин маскаралаган окуяны айыпташты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG