Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Айзаданын өлүмү: Ишти караган судья алмашты


Айзада Канатбекова.
Айзада Канатбекова.

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө айыпталып жаткан мурдагы милиция башчысынын ишин караган судья алмашты. Бул тууралуу бүгүн 7-июлда “Азаттык” радиосуна жабыркаган тараптын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Жактоочунун айтымында, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаевге карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси менен козголуп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп берилген, алгачкы соттук отурум эки апта мурда өттү:

“Ишти Бердимуратов деген судья карай баштаган. Бирок прокуратура ага ишенбөөчүлүк билдирип чыккан, себеби ал тергөө учурунда ишке тергөө судьясы катары санкция берип катышкан экен. Ошондуктан ал ишти кароодон баш тартып, кетти. Башка судья алгачкы отурумду эки жума мурда өткөрдү”.

Адвокат билдиргендей, алгачкы отурумга айыпталуучу Матмусаев өзү барып катышты, анын бөгөт чарасы өлкөдөн чыкпоо деп аныкталган.

2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Кыздын өлүмү боюнча иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми аны уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.

Кызды көчөдө кетип бараткан жеринен кармап, уурдап кетишкен окуянын видеосу жарыяланганына карабастан аны эки күн таба албай коюшкандан кийин коомчулукта милициянын дарегине кескин сын айтылган. Ондогон милиция кызматкерине “Шалаакылык” деген берене менен иш козголгон. ИИМ 12 кызматкер иштен алынганын, 27сине эскертүү берилгенин жана бешөөнө сөгүш жарыяланганын маалымдаган.

Бишкек шаардык милициясын ошол кезде жетектеп турган Бакыт Матмусаев кызматтан алынган. Кийин ал ички иштер министри Улан Ниязбековго кеңешчи болгону айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG