Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Бишкекте беш өлкөнүн медиа уюмдары кызматташуу боюнча меморандум кабыл алышты


ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро меморандумга кол койгон медиа уюмдардын жетекчилери менен. 7-июль, Бишкек.
ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро меморандумга кол койгон медиа уюмдардын жетекчилери менен. 7-июль, Бишкек.

7-июлда Бишкекте Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Өзбекстан жана Тажикстанда иш алып барган медиа уюмдар MediaNetwork CA тармагын түзүү боюнча меморандум кабыл алышты. Меморандумда бул уюм журналисттик стандарттардын жана кесиптик этикалык нормалардын сакталышын жактап, кесипкөй медиалардын калыптанышына салым кошору жазылган.

Меморандумга Кыргызстандан ЖМКларга даттанууларды териштирүү боюнча комиссиясынын төрайымы Тамара Валиева, Монголиянын медиа боюнча кеңешинин жетекчиси Гунжидмаа Гондор, Өзбекстандын медиа боюнча кеңешинин төрагасы Карим Бахриев, Казакстандын медианын өзүн-өзү жөнгө салуусу боюнча коомдук комитеттин төрайымы Жылдыз Абдилда жана Тажикстандын ЖМК боюнча кеңешинин төрайымы Хуриннисо Ализода кол койду.

Тармактын жамааттык бирикмеси да түзүлүп, алар жылына эки жолу жолугуп турушат. Ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат жана тармакка мүчө болгон медиаларга колдоо көрсөтүшөт.

Ушул күндөрү Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча 24-борборазиялык конференциясы өтүп жатат. Ага уюмдун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро, аймактагы медиа өкүлдөр, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат. Анда ЖМКлардын бардык багытына байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланууда.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда сөз эркиндиги бардыгын, ар ким өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп келет.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG