Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Украина менен Орусия туткундарды айырбаштады


Орусиядагы туткундан кайтарылган украиналык аскерлер. Cүрөт украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермактын Телеграм-каналынан алынды. 6-июль, 2023-жыл.
Орусиядагы туткундан кайтарылган украиналык аскерлер. Cүрөт украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермактын Телеграм-каналынан алынды. 6-июль, 2023-жыл.

Украина менен Орусия “45ке 45” формуласынын алкагында кезектеги жолу аскердик туткандарды алмашты. Жоокерлерден тышкары орус тарап Украинага эки карапайым тургунду жана эки баланы өткөрүп берди. Бул балдар Украинанын Москва басып алган аймактарынан Орусияга депортацияланган эле. Маалыматты Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак жана Орусиянын Коргоо министрлиги бышыктады.

Ермактын айтымында, Орусиядагы туткундан 43 аскер кызматкери, эки жайкын тургун - «Азовсталь» заводунун жумушчусу жана Херсондун тургуну бошотулду.

«Мариупол менен «Азовсталдын» коргоочуларын кайтарып жатабыз. Жарадар аскерлер бар. Ошондой эле Бахмут, Запорожье жана Херсон багытындагы кагылышууларга катышкан аскерлер дагы бар», - деп кошумчалады Ермак.

Орусиянын Коргоо министрлиги туткундан бошотулган аскерлерине керектүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп жатканын, жакын арада дарылануу жана калыбына келүү үчүн атайын борборлорго жөнөтүлөрүн билдирди.

Эки тарап акыркы жолу 12-июнда туткундарды алмаштырып, Украинага 95, ал эми Орусияга 94 адам кайтарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG