Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын беш мүчөсү кармалганы кабарланды


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын логотиби түшүрүлгөн туу.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын логотиби түшүрүлгөн туу.

Бүгүн, 6-июлда “Бүтүн Кыргызстандын” беш мүчөсү кармалганын партиянын өкүлү Нурбек Кубанычбеков “Азаттыкка” билдирди. Ал кармалгандар кайсы жакта экени жана кандай жагдайда кармалганы тууралуу маалымат берилбей жатканын айтты.

“Алардын бири Артур Бакировго чакыруу УКМКдан берилиптир. Калгандарына берилген эмес. Күч органдары “соттун чечими бар” деп алардын үйүн тинтип, өздөрүн кармап кетишкен”, - деди Кубанычбеков.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети комментарий бере элек. Социалдык тармактарда жарыяланган Артур Бакировго келген чакыруу экени айтылган сүрөттө ал УКМКнын Чүй облусундагы башкармалыгына күбө катары суракка чакырылганы жазылган.

Артур Бакировго келген чакыруу. Социалдык тармактарга тараган сүрөт.
Артур Бакировго келген чакыруу. Социалдык тармактарга тараган сүрөт.

22-июнда Жогорку Кеңеш "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

31-майда парламент төрагасы Нурланбек Шакиев баш прокурордон Адахан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуш түшкөнүн билдирген. Бул сунушту карап чыгуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия аны "Бийликтен аша чабуу" беренеси менен гана жоопко тартууга уруксат берүүнү колдогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG