Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Киевде райондук соттун имаратында жарылуу болду  


Киевдин Шевченковский райондук соту.  5-июль, 2023-жыл
Киевдин Шевченковский райондук соту.  5-июль, 2023-жыл

5-июлда Украинанын баш калаасындагы Шевченковский райондук сотунда жарылуу болду. Бул тууралуу жергиликтүү медиа соттун өкүлдөрүнө жана полицияга таянып жазды. Канча киши жабыркаганы белгисиз.

Сот жайгашкан жерде жолдор тосулуп, Украинанын Ички иштер министрлиги административдик имаратка жакын барбай турууну эскертти.

"Граты" басылмасы алдын ала маалыматка таянып, жардырууну “Сич” батальонунун жоокери Игорь Гуменюк жасаганын жазды. Ал 2015-жылы 31-августта Жогорку Раданын жанында жардырууну ишке ашырган деп айыпталган. Анда жүздөгөн киши Донбасска өзгөчө макам ыйгаруу тууралуу Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккан эле. Жардырууда Улуттук гвардиянын үч жоокери набыт болуп, 140тан көп киши жараат алган.

Бүгүн сот тергөө абагында отурган Гуменюктун мөөнөтүн узартмак. Айрым Телеграм каналдар Гуменюк айыпталуучуларды коштоп жүргөн күзөтчөлөрдү барымтага алып, аларды дааратканада кармап турганын жазды.

Бирок бул маалымат расмий бышыктала элек.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG