Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Навальныйдын ишине рэпер Моргенштерндин ыры тиркелди


Алексей Навальный учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө тогуз жылдык жазасын өтөп отурат.
Алексей Навальный учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө тогуз жылдык жазасын өтөп отурат.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын жаңы кылмыш ишине далил катары рэпер Моргенштерндин ырынын тексти тиркелди. Бул тууралуу Навальный өзү соцтармактарда билдирди. Ал Орусиядагы бийликти кулатууга даярдык көргөн деген айыпка рэп далил болушу ыктымалдыгын айткан.

Навальный сот жараянында ишке тиркелген ырдын текстин окуганын, мунун өзү сот жана андагы башка кызматкерлерде күлкү келтиргенин белгилеп, "тергөөчүлөр жамаган сандырак кепти шакабалап, мага 15-20 жылды жазып берип, тарап кетели" деп жазган.

Навальный учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө тогуз жылдык жазасын өтөп отурат. Саясатчы 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон. Ушул тапта экстремизмге байланыштуу айыпталган иш боюнча сот процессине даярдык жүрүүдө. Тергөө аны "террордук жамаат" түптөгөн деп айыптаса, өзү муну "саясий куугунтук" деп эсептейт.

Навальныйдын тарапташтары оппозиционер орус президенти Владимир Путиндин саясатын ачык сындаганы үчүн соттолуп жатканын белгилешет. Кремл муну четке кагып, кылмыш иштерине кийлигишпей турганын билдирген.

Ырчы Моргенштернди Украинадагы согушту ачык сындагандан кийин Орусиянын Юстиция министрлиги “чет элдик агент” тизмесине киргизген. Июнь айында анын Бишкекте өтө турган Alga Fest музыка фестивалына катышары айтылып, буга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, алтургай парламенттин айрым депутаттары каршылыгын билдирген соң, ал келбей калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG