Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Эргешбаева: Жогорку Сот "чет элдик өкүл" долбооруна терс корутунду берди


Таттуубүбү Эргешбаева.
Таттуубүбү Эргешбаева.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева Юстиция министрлиги менен Жогорку Сот “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбооруна терс корутунду бергенин билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда айтты.

“Бул мыйзам долбоору былтыр ноябрь айында коомдук талкууга коюлган. Документ быйыл июндун башында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча эки комитетке киргизилген. Эки комитет мыйзам долбоорун тиешелүү мекемелерге экспертизага жөнөткөн. Ошонун жыйынтыктарын күтүп жатышат. Менин билишимче Юстиция министрлиги менен Жогорку Сот бул долбоорго терс корутунду беришиптир”, - деди Эргешбаева.

Бул маалымат боюнча мыйзам долбоорунун автору, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Юстиция министрлиги жана Жогорку Сот комментарий бере элек.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы башка депутаттар демилгечи болуп кошулган.

Алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, документте ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышты.

“Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет аны 27-июнда биринчи окууда карай турганы маалымдалган, бирок маселе күн тартибинен алынып калган.

Надира Нарматова коюлган дооматтын баарын четке каккан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG