Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:16

"Мен алсызмын, бирок эрктүүмүн" Саакашвилинин абалы


"Мен алсызмын, бирок эрктүүмүн" Саакашвилинин абалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00

Алты жылга кесилген Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин дүйшөмбүдө сотко видеобайланыш аркылуу чыккандагы өң-келбети бир топ тынчсыздануу жаратты. Украин президенти Владимир Зеленский Тбилисини өтө арыктап, алсырап кеткен оппозициялык саясатчыны токтоосуз Киевге өткөрүп берүүгө чакырды.

Камактагы Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин саламаттыгы кайрадан тынчсыздануу жаратууда. Буга анын дүйшөмбүдө сотко видеобайланыш аркылуу чыккандагы өң-келбети түрткү болду. Украин президенти Владимир Зеленский грузин бийлигин - өтө арыктап, алсырап кеткен Саакашвилини - токтоосуз Киевге өткөрүп берүүгө чакырды. Саясатчы "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып менен алты жылга кесилген. Өзү муну саясий куугунтук деп атап келет.

XS
SM
MD
LG