Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

Ысык-Көлдө желим буюмдарды колдонууга каршы кампания уюштурулду


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев "Ысык-Көлдү сактайлы" иш-чарасында сүйлөп жатат. Балыкчы шаары. 1-июль, 2023-жыл. Сүрөт Министрлер кабинетинин расмий сайтынан алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев "Ысык-Көлдү сактайлы" иш-чарасында сүйлөп жатат. Балыкчы шаары. 1-июль, 2023-жыл. Сүрөт Министрлер кабинетинин расмий сайтынан алынды.

1-июлда Балыкчы шаарында "Ысык-Көлдү сактайлы" деп аталган маалыматтык кампания өттү. Иш-чара желимден жасалган буюмдардан экологиялык таза кагаздан жасалган буюмдарга өтүүнү жайылтууну көздөйт.

Анда сүйлөгөн сөзүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев желимден жасалган буюм-тайымды колдонбоого чакырды.

“Керемет жерибиз болгон Ысык-Көлүбүз дүйнө эли суктана турган, туристтер агылып келе турган жерге айлансын десек, алгач өзүбүздөн баштайлы, желимден жасалган буюмдарды сатууга жана колдонууда намыска келүү идеологиясын жүргүзүүгө чакырам”, - деген Төрөбаевдин сөздөрү Министрлерин кабинетинин расмий сайтында жарыяланды.

Вице-премьер-министр Ысык-Көл 2001-жылы ЮНЕСКО тарабынан Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резервуар тутумуна киргизилип, дүйнөдөгү эң кооз 15 көлдүн катарына киргенин кошумчалады.

Иш-чаранын башкы максаты - калкты жана туристтерди полиэтиленден жасалган буюмдардын, алардын калдыктарынын экологияга, айлана-чөйрөгө жана адамдардын саламаттыгына тийгизген заяны жөнүндө жеткирүү

Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү”мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдогон.

Эми ага президент кол койсо өлкөдө 2027-жылдан тартып желим баштыктарды өндүрүүгө, импорттоого, колдонууга толук сыюу салынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG