Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бир нече сааттан бери дайынсыз болууда


Өндүрүш Токтонасыров Бишкекте уюштурган акциялардын биринде
Өндүрүш Токтонасыров Бишкекте уюштурган акциялардын биринде

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Сокулук районунун Лесное айылында белгисиз адамдар алып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Динара Ошурахунова билдирди.

Ошурахунованын сөзүнө караганда, активистти 30-июнда кечки саат тогуздар чамасында ак түстөгү 01 KG 646 номерлүү ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү машинеге белгисиз бирөөлөр салып кеткенин жакындары көргөн. Андан бери Токтонасыров менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Буга чейин телефонуна чалуу кетип жатса, бир аз мурун өчүп калды.

Укук коргоочулар Ички иштер министрлигине (ИИМ) кайрылып, Токтонасыровду токтоосуз таап, үйүнө жеткирип коюну талап кылууда.

Жарандык активист туш болгон окуя боюнча Сокулук райондук милициясына арыз жазылып, каттоого алынды.

Азырынча ИИМ комментарий бере элек.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров өлкөдөгү сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн эркин билдирип, ар кандай акцияларды тынч жол менен өткөрүп жүрүп таанылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG