Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:09

Аламүдүн районунда жол кырсыгынан үч өспүрүм набыт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, өспүрүм балдардын өмүрүн алган жол кырсыгы 26-июнда Чүйдүн Мраморное айылында болду.

Маалыматка ылайык, алар отурган жеңил автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, бетон кашааны сүзгөн. Ичиндеги үч өспүрүм набыт болуп, 20 жаштагы айдоочу жана дагы үч киши ооруканага жеткирилген.

Маалыматтарга ылайык, автоунаада жети адам отурган, алар ошол күнү суу жээгинде эс алып, кайтып келе жатканы аныкталган.

24-июнда Ош-Эркечтам жолундагы кырсык алты кишинин өмүрүн алган. Каза болгондордун төртөө бир үй-бүлө мүчөлөрү, калган экөө да бир үй-бүлөдөн.

Ушул ай башында Бишкек–Ош автожолунун Суусамырдын тушундагы тилкесинде жол кырсыгынан 14 адам жабыркап, алты киши көз жумган.

Майдын аягында Токмоктогу жол кырсыгы сегиз адамдын өмүрүн алган, анын бешөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү эле.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG