Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Украина: орус армиясынын соккусу соңку бир суткада 13 кишинин өмүрүн алды


Краматорск шаарынын борборуна жасалган орус күчтөрүнүн ракеталык соккусунан кийин нес абалда турган адамдар. Донецк облусу. 27-июнь, 2023-жыл.
Краматорск шаарынын борборуна жасалган орус күчтөрүнүн ракеталык соккусунан кийин нес абалда турган адамдар. Донецк облусу. 27-июнь, 2023-жыл.

Соңку бир суткада Украинанын аймагына урулган орус күчтөрүнүн аба соккусунан 13 жайкын тургун, анын ичинде 14 жаштагы эгиз кыз мерт болду.

28-июнда Харьков облусуна жасалган орус армиясынын чабуулу үч карапайым тургундун өмүрүн алды. Ал эми 27-июндун кечинде Донецк облусунун Краматорск шаарына жасалган орус армиясынын ракеталык соккусунан курман болгондордун саны онго жетти, жарадарлардын саны 60тан ашты.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, ракеталардын бири Краматорскинин борборундагы пицца ресторанына, экинчиси шаар четиндеги конушка тийген.

Донецк аскердик администрациянын башчысы Павел Кириленко билдиргендей, шаарда 18 көп кабаттуу үй, беш мектеп, эки бала бакча, соода борбор жана пицца рестораны жабыркаган.

Краматорск - Донецк облусундагы ири шаар. Ал жакта украин армиясынын аймактык штабы жайгашкан. Былтыр апрелде калаадагы темир жол вокзалына жасалган орус армиясынын аба чабуулунан 63 карапайым тургун мерт болгон.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков бул жолку кол салууга Орусия бир гана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" сокку урат деп комментарий берди.

Ынанымдуу далилдерге карабай, Москва Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албай келет.

Вашингтон Краматорскиге урулган сокку үчүн Орусияны кескин айыптап, Украинага колдоо көрсөтүүнү улантарын кошумчалады.

Кечки кайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский туура бир жыл мурда Кременчуктагы соода борборунда орус аскерлеринин соккусунан 22 жай тургун мерт болгонун эске салып, Орусия жоопко тартылууга тийиш деп кайталады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG