Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:56

Иркутск: мигранттардын мушташынан кийин 10 киши кармалганы кабарланды


Орусиядагы тажик мигранттарын полиция кармап баратат. Иллюстрациялык сүрөт. Жаңылыкка тиешеси жок.
Орусиядагы тажик мигранттарын полиция кармап баратат. Иллюстрациялык сүрөт. Жаңылыкка тиешеси жок.

Иркутск полициясы Ковыктинск газ кенинде иштеген кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар ортосунда 23-июнда чыккан калайман мушташтын он катышуучусун камакка алды.

Бул тууралуу "Озоди" радиосу Иркутскидеги тажик диаспорасына таянып жазды. Жергиликтүү маалымат каражаттары мушташта тогуз киши жабыркап, жыйырма чактысы кармалганын жазган. Күбөлөрдүн айтымында уруш ашканадагы кезек күтүүдөн улам чыккан.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жараат алган беш адам менен байланышкан. Алардын бири ооруканага жаткырылган. Иркутскидеги тажик диаспорасы кармалгандар эки тараптан тең бар экенин билдиришкен.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттар арасында калайман мушташтар көп катталып келет.

3-июнда Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын калайман мушташы болгон. Кыргызстандын бир жараны ооруканага жеткирилген. Полиция беш кыргыз жаранын кармап, үчөөнү тергөө аяктаганча эч кайда чыкпоо шарты менен кое берген, калган экөө камалган. Полиция бул фактыга байланыштуу "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG