Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Жикчил Тоолуу Карабактын де-факто бийлиги азери армиясынын огунан төрт аскери мерт болгонун билдирди


Жикчил Тоолуу Карабак аймагынын де-факто башчысы отурган имарат. 14-апрель, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Жикчил Тоолуу Карабак аймагынын де-факто башчысы отурган имарат. 14-апрель, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Тоолуу Карабак жикчил аймагынын де-факто бийлиги 28-июндун таңында билдиргендей, азери армиясынын огунан төрт этностук армян аскери мерт болду.

Ал эми Азербайжандын Коргоо министрлиги алардын позициялары Тоолуу Карабак тараптан аткыланып, бир азери аскери жарадар болгонун кабарлады.

Окуя 27-июнда, Кошмо Штаттарда Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлеринин үч күндүк тынчтык сүйлөшүүлөрү башталган маалда болду.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Твиттерге жазгандай Кошмо Штаттар Армения менен Азербайжандын "татыктуу жана бекем макулдашууга жетишүү багытындагы биргелешкен ишин" колдойт.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Тараптардын талашы 1980-жылдардын аягында башталган. Негизинен этникалык армяндар жашаган Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРнин курамынан чыкканын жарыялап, 1991-жылдын сентябрында өзүн-өзү “Тоолуу Карабак Жумурияты” деп жарыялаган. Ортодо тутанган согуш 1988-1994-жылдары 30 миңдей адамдын өмүрүн кыйган.

2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, алты апталык урушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

22-майда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван өзүн-өзү “Тоолуу Карабак Жумурияты” деп атаган аймакты Азербайжандын бир бөлүгү деп таанууга даяр экенин билдирди. Бирок бул үчүн Баку аймакта жашаган этникалык армяндардын коопсуздугун камсыздоого тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG