Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Клооп "Гранд казино" ишканасына Буркановдун уулу негиздөөчү болгонун жазды


Иллюстрация
Иллюстрация

КЛООП медиасы Кыргызстандагы кумар оюндарын ойнотуучу "Гранд казино" компаниясына экс-депутат Арзыбек Буркановдун уулу негиздөөчү болгонун жазып чыкты.

"Президенттин досу жана демөөрчүсү Арзыбек Буркановдун уулу "Гранд Казинонун" негиздөөчүсү болду" деген макалада аталган компаниянын негиздөөчүлөрүнүн курамында кезектеги өзгөрүүлөр болгону жазылган.

КЛООП макаласын Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат менен ырастап, ага ылайык компания 23-июнда кайра каттоодон өткөнүн, ага жаңы негиздөөчүлөрү болуп Азат Бурканов жана "Кыргыз Инвестмент энд Файненшиал Сервисез" ишканасы жазылганын кошумчалаган. Акыркы ишкананын ээси Пандей Арвинд Жанардан деген киши.

КЛООП белгилегендей, 23-июнга чейин компания документтери боюнча Буркановдун башка компанияларына тиешеси бар адамдарга байланыштуу болчу.

"Гранд казино" ишканасы Кыргызстанда кумар оюндарын ойнотууга алгачкылардан болуп, 84 млн. сомго (1 миллиондой доллар) лицензия алган компаниянын экс-депутат жана экс-губернатор Арзыбек Буркановдун үй-бүлөсүнө тиешеси бардыгын буга чейин "Медиахаб" да иликтеп чыккан. Бирок Бурканов жана анын жакындары "Медиахабга" жооп беришкен эмес.

Бурканов Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлү болуп иштеген. Учурда ал Садыр Жапаровдун бейрасмий кеңешчиси деп айтылып жүрөт.

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Нурланбек Бурканов анын туугандары.

Кыргызстанда казино ишмердигине 2012-жылдын 1-январында салынган тыюу 2022-жылы алынган.

Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.

Бишкек, Ош шаарларында казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл албоого чакырган митингдер өткөн.

Президент баштаган бийлик өкүлдөрү мыйзам инвестор тартууга жол ачарын, бюджетке кошумча акча түшөрүн жүйө келтирген.

Мыйзамда Кыргызстандын жарандарын жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казинолорго киргизилбейт деген пункт бар экенин айтышкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG