Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Кыргызстан волейбол боюнча CAVA Улуттар лигасында экинчи орунду ээледи


Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы. 24-июнь, 2023-жыл.
Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы. 24-июнь, 2023-жыл.

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы CAVA Улуттар лигасында экинчи орунду ээледи. Мелдеш 18-25-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өттү.

Волейбол федерациясы билдиргендей, мелдешке Кыргызстандын эки командасы (улуттук жана жаштар курамасы), Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Ирандын 18 жашка чейинки курамасы, Монголиянын жана Непалдын курама командалары катышты. Оюндар айлампа иретинде өтүп, ар бир команда алты беттеш өткөрдү.

Жыйынтыгында Ирандын 18 жашка чейинкилер арасындагы курамасы 6 оюндун баарында жеңишке жетип, 16 упай менен биринчи орунду ээледи. Кыргызстан курамасы 6 оюнда 15 упай топтоп күмүш медал алды. Кыргызстандын улуттку курамасы мелдеште Иран курама командасына гана (1:3) утулган.

Үчүнчү орунду алты оюнда 11 упай топтогон Монголия курама командасы ээледи.

CAVA улуттар лигасы Борбор Азия волейбол ассоциациясы уюштурган мелдеш. Бул уюмга Борбор Азиядагы жана чыгыш Азиядагы 14 өлкө мүчө.

Волейбол федерациясынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын Улуттук жана Жогорку лигаларында 18 кесипкөй команда, кыз-келиндердин 6 кесипкөй командасы бар. Ал эми волейбол ышкыбоздорунун арасында "Энелер", "Ардагерлер", "Студенттер", "Мектеп", "Маданият кызматкерлери", "Жаштар" жана башка 10 чакты лигада күн сайын мелдештер өтүп келет. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG