Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Литванын лидери: Эгер Пригожин Беларуска келсе, НАТО чыгыштагы чек арасын бекемдеши керек


Литванын президенти Гитанас Науседа.
Литванын президенти Гитанас Науседа.

Литванын президенти Гитанас Науседа "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Беларуска келе турган болсо, НАТО Европанын чыгышындагы позицияларын күчтөндүрүшү керек экенин эскертти. Науседа мындай пикирин 25-июнда Литванын мамлекеттик коопсуздук кеңеши Орусиядагы "вагнерчилердин" токтотулган козголоңун талкуулаган соң журналисттерге айтты.

"Эгер Пригожин же "Вагнер" тобунун бир бөлүгү так эмес пландары жана белгисиз ниеттери менен Беларуста пайда боло турган болсо, бул жагдай биз чыгыштагы чек араларыбыздын коопсуздугун мындан ары бекемдешибиз керек дегенди билдирет", - деп айтты Науседа.

Кийинки айда Литвада Түндүк атлантикалык аскердик альянстын (НАТО) саммити өтөт.

Орус президенти Владимир Путиндин узактан берки жакын санаалаштарынын бири деп саналып келген Евгений Пригожиндин күчтөрүнүн армия жетекчилерине каршы Москвага багытталган жүрүшү 24-июнда кечке маал токтотулган. Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко аралашкан сүйлөшүүлөрдөн кийин "вагнерчилерге" ачылган кылмыш иштери токтотулуп, Пригожинге Беларуска чыгып кетүүгө уруксат берилгени кабарланган. Азырынча Пригожин жана "вагнерчилер" кайсы тарапка бет алганы так белгисиз.

Британиянын Башкы штабынын мурдагы жетекчиси, отставкадагы генерал Ричард Даннатт Sky News телеканалы менен маегинде Пригожин Беларустан Украинанын баш калаасына кол салышы мүмкүндүгүн айтып, украин күчтөрү буга даяр турушу керек экенин эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG