Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07

Болгариядагы курал-жарак кампасында өрт чыкты


Карнобаттагы курал-жарак кампасында былтыр жайында чыккан өрттүн кесепети.
Карнобаттагы курал-жарак кампасында былтыр жайында чыккан өрттүн кесепети.

Болгариянын чыгышындагы Карнобат шаарында EMCO аттуу курал жана ок-дары чыгарган компаниянын кампасында ири өрт чыкты. Бул маалыматты аталган компанияга ээлик кылган, курал-жарак соодасы менен алектенген болгар жараны Эмилиян Гебрев 25-июнда "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна өзү ырастады.

Анын айтымында, кампада өрт жекшембиге караган түнү тутанган жана андан эч ким жабыркаган жок. Гебрев өрттүн себеби түшүнүксүз болуп жатканын айтты.

Бул соңку бир жыл ичинде аталган компаниянын Карнобаттагы кампасында катталган экинчи шек туудурган окуя. Былтыр 31-июлда бул кампада өрт чыгып, анын натыйжасында ок-дарылар жарылган. Анда Эмилиян Гебрев өрттүн артында орусиялыктар турарына "жүз пайыз" ишенерин айтканы менен буга далили жок экенин мойнуна алган.

Карнобаттагы өрт чулгаган кампадагы ок-дарылардын бир бөлүгүн Украинага жөнөтүү боюнча чечим кабыл алынганы же алынбаганы азырынча так белгисиз.

Болгариянын прокуратура органдары соңку окуя тууралуу толук маалымат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG