Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Пригожин артка кайтканын жарыялады


"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин.
"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин.

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин жалданма аскерлеринин колоннасы Москвага 200 километр жетпей келип токтогонун жана артка кайтканын билдирди.

“Азыр кан төгүлө турган учурга келип калдык. Ошондуктан биз орустун каны төгүлөрүн жоопкерчилик менен түшүнүп, колоннаны артка кайтармай болдук. План боюнча кайра артка, талаа лагерлерине кетебиз ”, - деди ал.

Бул билдирүүдөн аз эле убакыт мурда Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашено орус президенти Владимир Путин менен болгон макулдашуунун алкагында "Вагнер" жеке аскердик түзүмдүн башчысы Евгений Пригожин менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирген. Лукашенконун маалыматында, алар Орусиянын аймагында кан төгүүгө жол бербөөнү макулдашып, Пригожин “вагнерчилердин” куралдуу кыймылын токтотуу жана чыңалууну жөнгө салуу боюнча анын сунушун кабыл алган.

“Ушул тапта үстөл үстүндө абалды жөнгө салуунун эң пайдалуу жана ыңгайлуу варианты "вагнерчилердин" коопсуздугун сактоо кепилдиги менен турат”, - деп жазылган басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Буга чейин “Вагнердин” жалданма жоочулары Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москва тарапты көздөй багыт алышканы кабарланып жаткан. Алардын лидери Евгений Пригожин Украинадагы ийгиликсиз согуш үчүн коррупциялашкан, компетентсиз командирлерди айтыптап, аларды алуу максатын көздөп жатканын билдирген.

Орус президенти Владимир Путин "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөп, Пригожинди Орусиянын аскерий жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке амбициясынан улам Орусияга чыккынчылык кылды" деп айыптаган. Бир катар өлкөлөр Орусиядагы кырдаалга көз салып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG