Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Москвада дүйшөмбү дем алыш күн болуп жарыяланды


Москва
Москва

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин шаарда жарыяланган контртеррордук операция режиминин шартында тобокелдикти азайтуу үчүн иш күнү дем алышка алмаштырылганын билдирди. Ал Телеграм-каналында кырдаал татаал экенин жазды, бирок Москва тарапка багыт алды деп кабарланып жаткан “вагнерчилердин” куралдуу “козголоңу” туурасында ооз ачкан жок.

Собянин тургундарга шаар ичинде кыймыл-аракетти болушунча чектөө өтүнүчү менен кайрылды.

Контртеррордук операция режими "Терроризмге каршы аракеттер жөнүндө" мыйзам менен киргизилет. Аталган режим киргизилген аймактарда жарандардын паспорттору текшерилип, коомдук тартипти сактоо күчөтүлөт, стратегиялык жана мамлекеттик мекемелер катуу кайтарууга алынат.

Жарандардын телефон сүйлөшүүлөрү жана интернет аркылуу тараган маалыматтар текшерилет.

Полиция операция жүрүп жаткан күчтөр үйлөргө, мекемелерге тоскоолдуксуз кирип, ишканалардын автоунааларын пайдалана алат. Зарылчылык болсо аймактагы байланыш кызматы өчүрүлөт.

24-июнда мындай режим Москва шаарына, Москва облусуна жана Воронеж облусуна киргизилгени кабарланган.

"Свобода" радиосу Телеграм-каналдарда Москванын кире беришине блок-постторду орнотуп жаткан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин сүрөт, видеолору пайда болгонун жазды.

“Вагнердин” жалданма жоочулары Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москва тарапты көздөй багыт алышканы кабарланууда. Алардын лидери Евгений Пригожин Украинадагы ийгиликсиз согуш үчүн коррупциялашкан, компетентсиз командирлерди айтыптап, аларды алуу максатын көздөп жатканын билдирүүдө.

Орус президенти Владимир Путин "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөп, Пригожинди Орусиянын аскерий жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке амбициясынан улам Орусияга чыккынчылык кылды" деп айыптады.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG