Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Орусияда “Вагнерге” тийиштүү сайттар бөгөттөлдү


РИА ФАН сайты бөгөттөлүп турат. 24-июнь 2023-ж.
РИА ФАН сайты бөгөттөлүп турат. 24-июнь 2023-ж.

Орус бийлиги Евгений Пригожинге таандык делген басылмалардын интернет сайттарын бөгөттөп жатат. Бул тууралуу Орусиядагы жергиликтүү маалымат каражаттары жазууда.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Башкы прокуратурасынын чечими менен Евгений Пригожиндин “Патриот” медиатобуна таандык делген РИА ФАН, “Народные новости”, “Невские новости”, “Экономика сегодня”, “Политика сегодня”, “ПолитЭксперт” ж.б. ресурстары бөгөттөлдү. Алардын социалдык тармактагы баракчалары да ачылбай жатат.

Аталган сайттар жана социалдык тармактардагы баракчалар Орусиянын чегинен тышкаркы аймактарда гана ачылууда.

Муну менен катар “Роскомнадзор” мекемесинин талабы менен “Вагнер” аскердик компаниясынын “ВКонтакте” социалдык тармагындагы баракчасы да бөгөттөлдү.

Орусияда жашагандар 24-июнь күнү кечке маал Москва, Тверь ж.б. аймактарда интернет начар иштеп, байланыш үзгүлтүккө учурап жатканын билдиришүүдө. Маалыматтар көбүнчө Телеграм-каналдар аркылуу таркап жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-июнда кырдаал боюнча теле кайрылуу жасап, "Вагнер" тобунун аракетин "чыккынчылык" деп айыптады. Ага чейин Федералдык коопсуздук комитети Пригожинге кылмыш ишин козгогон.

  • 23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм-каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган.
  • Ага чейин, 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. "Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген. 24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG