Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Пригожин Путинди "терең жаңылышты" деп айыптады


Ростов-на-Дону шаарындагы аскерлер. 24-июнь, 2023-жыл.
Ростов-на-Дону шаарындагы аскерлер. 24-июнь, 2023-жыл.

Башкы "вагнерчи" Евгений Пригожин президент Путиндин кайрылуусуна комментарий берип, Путиндин "Мекенге чыккынчылык кылды" деген сөзүн "терең жаңылыштык" деп айыптады.

"Биз мекенибиздин атуулубуз, согушуп келгенбиз, дагы согушабыз. Президент же Федералдык коопсуздук комитети (ФСБ) талап кылгандай, эч ким багынып бербейт. Анткени биз өлкөнүн мындан ары коррупция, бюрократия жана калпка чулганып жашаганын каалабайбыз", - деп айтылат Пригожиндин Телеграм-каналына жарыяланган аудио билдирүүдө.

Бул аралыкта Би-Би-Си жана Reuters өзүнүн булактарына таянып тараткан маалыматтарында "Вагнер" жеке аскердик компаниясы Воронеж облусундагы бардык аскердик объекттерди өз көзөмөлүнө алганын билдирүүдө.

Облустун губернатору Александр Гусев аймакта контртеррордук операция режиминин алкагында оперативдүү аскердик иш-чаралар жүрүп жатканын маалымдады.

"Вёрстка" басылмасы өз булактарына таянып, Воронеждин түштүгүндө тик учактан чабуул болгонун жазды. Аймакта ири мунай базасы жайгашкан. Жергиликтүү эл ишемби күнү эртең менен "Вагнердин" жалданмачыларын көрүшкөнүн, алар "Дон" трассасы менен шаарга кетүүчү жолдун кесилишине жайгашканын билдиришкен.

Жергиликтүү маалымат каражаттары "Дон" трассасынын Ростов-на-Дону менен Воронеж облусунун ортосундагы аймагынан жардыруулардын, атышуулардын үнү угулуп, асманда учактар учуп жатканын жазышты. Трассанын Воронеж облусундагы 300 чакырымында кыймыл токтотулган.

Мындай шартта маалыматтарды жеринен тактоого мүмкүн эмес.

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин 22-июнда, түшкө чейин жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлгө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, шаарды тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын билдирген.

Анын билдирүүсүнөн көп өтпөй, Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирде элге кайрылып, "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөдү. Ал кырдаалды турукташтыруу үчүн “чечкиндүү чара көрүлөрүн” билдирип, башкы "вагнерчи" Пригожинди Орусиянын аскерий жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке амбициясынан улам Орусияга чыккынчылык кылды" деп айыптады. Ростов-на-Донуда бардык жарандык жана аскердик бийлик органдарынын иши үзгүлтүккө учураганын айтты. Орусиянын Башкы прокуратурасы Федералдык коопсуздук комитети Пригожинге иш козгогонун билдирди.

  • 23-июнда эртең менен Евгений Пригожин Телеграм каналына интервью берип, коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Ушул эле күнү кечинде Пригожиндин каналдарында "Вагнердин" командирлеринин кайрылуулары деген аудиолор пайда болгон. Анда Пригожиндикине үнү окшош адам "вагнерчилер" "өлкөнүн аскер жетекчилиги баштаган балээни" токтотууга тийиш экенин жарыялаган.
  • Ага чейин, 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. "Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген.
  • 24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.
  • Пригожин менен Коргоо министрлигинин чыры бир нече айдан бери уланып келет. Бахмуттагы кармаш учурунда Пригожин бир канча жолу видео кайрылуу жасап, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду бир канча жолу сындаган. Пригожин аларды курал-жарак жетишсиздигине жана "орустун жерлерин" берип салганга айыптап, "бул персонаждар жазаланмайынча" териштирүүнү токтотпой турганын билдирген. Коргоо министрлиги мындай билдирүүлөрдү адатта комментарийлебейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG