Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Орусиянын соту америкалык журналист Гершковичтин доо арызын четке какты


Орусияда тыңчылыкка айыпталып жаткан америкалык журналист Эван Гершкович Москва шаардык сотунда. 18-апрель, 2023-жыл. Москва.
Орусияда тыңчылыкка айыпталып жаткан америкалык журналист Эван Гершкович Москва шаардык сотунда. 18-апрель, 2023-жыл. Москва.

Москва шаардык соту америкалык журналист Эван Гершковичтин аппеляциялык арызын четке кагып, мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. The Wall Street Journal басылмасынын 31 жаштагы кабарчысы тыңчылыкка айыпталып, 30-августка чейин камалган. Ал өзү жана АКШнын бийлиги бул дооматты четке кагып келишет. Гершкович күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин эркинен ажырталышы мүмкүн.

22-июндагы жараян жабык өттү, бирок ага АКШнын Орусиядагы элчиси Линн Трейсиге жана башка Москвадагы дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрүнө катышууга уруксат берилди.

The Wall Street Journal басылмасы соттун чечими ушундай болору күтүлгөнүн, бирок Гершковичтин кармалып турганы акылга сыйгыс экенин билдирди.

"Эван он эки аптадан ашуун убакытка журналисттик ишин аткарып жатканы үчүн гана мыйзамсыз камалды. Биз анын токтоосуз бошотулушун талап кылууну улантабыз", - деп жазылат басылманын билдирүүсүндө.

Гершкович быйыл мартта Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан камалып, "Екатеринбург шаарында аскердик жашыруун маалыматты топтоп жүргөн" деп айыпталган. Майдын соңунда Москванын Лефортово райондук соту Гершковичтин камактагы мөөнөтүн 30-августка чейин узарткан.

Вашингтон журналисттин кармалышын мыйзамсыз деп атап, аны токтоосуз бошотууну талап кылган. Кремль Гершкович "журналисттик ишмердүүлүккө жамынып тыңчылык менен алектенип жүргөнүн" билдирген.

Советтер Союзунан АКШга кеткен эмигранттардын уулу жана орусча эркин сүйлөгөн Гершкович "кансыз согуш" доору аяктагандан бери мындай айып менен Орусияда кармалган биринчи америкалык журналист болуп калды.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG