Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Аннексияланган Крымды Украина менен туташтырган көпүрө аткыланды


Орусия аннексиялап алган Украинанын Крым жарым аралын Херсон менен байланыштырган Чонгар көпүрөсү аткылоодон кийин. 22-июнь, 2023-жыл. Сүрөт Херсон облусунун Москва дайындаган губернатору Владимир Сальдонун Телеграм-каналынан алынды.
Орусия аннексиялап алган Украинанын Крым жарым аралын Херсон менен байланыштырган Чонгар көпүрөсү аткылоодон кийин. 22-июнь, 2023-жыл. Сүрөт Херсон облусунун Москва дайындаган губернатору Владимир Сальдонун Телеграм-каналынан алынды.

Украинанын Херсон облусунун орусиячыл бийлиги билдиргендей, аннексияланган Крым жарым аралын украин аймагы менен байланыштырган көпүрөлөр аткыланды.

Херсон облусунун Москва дайындаган губернатору Владимир Сальдо көпүрөлөргө украин күчтөрү Storm Shadow ракеталары менен сокку урганын болжолдоду.

Ал Телеграмга жазгандай, чабуул 22-июнда «Крымдын дарбазасы» деп саналган Чонгар көпүрөсүнө жасалган. Бул көпүрө Крымды Украинанын калган бөлүгү менен байланыштырып турат.

Бул маалда орус күчтөрү Украина аймагын абадан ракеталар жана дрондор менен аткылап жатышкан.

Сальдо көпүрөнүн үстү жабыркаганын, альтернативдүү жолдор ачык экенин билдирди. Ал эми Крымдын Москва дайындаган губернатору Сергей Аксеновдун айтымында, атайын кызматтар көпүрөлөргө келтирилген зыяндын кесепетин эсептеп жатышат.

Ал эми украин аскерлери Телеграмга жабыркаган көпүрөнүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын маалымат катчысы Андрей Юсов украин телеканалына курган маегинде "Орусияны Крымдан сүрүп чыгаруу иши толук кандуу жүрүп жатат жана уланат" деп айтты.

Буга чейин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу украин армиясы "аннексияланган Крымдын жана Орусиянын аймагына HIMARS жана Storm Shadow ракеталары менен сокку урууну көздөп жатканын" билдирген. Министр бул ракеталар "аскердик операциянын аймагынан тышкары колдонулса", Украинанын аймагындагы чечим кабыл алуучу борборлорго дароо жооп катары сокку уруларын эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG