Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Мектепти бүтүрүү кечелеринде коопсуздукту камсыздоого 5 миңдей кызматкер тартылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатын же орто билими тууралуу күбөлүгүн алган күнгө байланыштуу өткөрүлүүчү кечелерде коопсуздукту 5 миңдей милиционер камсыз кылат.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) 21-июнда билдирип, бүтүрүүчүлөрдү, алардын ата-энелерин жана мугалимдерин мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырып, коопсуздукту сактоого үндөдү.

ИИМдин басма сөз кызматы бүтүрүүчүлөрдөн спирт ичимдиктерин ичпей, коомдук жайларда тартипти бузбай, уруксат берилбеген жерлерде сууга түшпөөгө, унааларды өз алдынча башкарбоого чакырып, ата-энелердин жана мугалимдерден улан-кыздарды көзөмөлүнөн чыгарбоону суранган.

Былтыр Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган.

Буга чейин мектепти бүткөнүн майрамдаган окуучулар автокырсыкка кабылган жана адам өлүмү менен коштолгон учурлар катталган.

Кыргызстанда бүтүрүү кечеси салттуу түрдө 25-июнда белгиленип келет. Быйыл 9-11- класстарды Кыргызстан боюнча 180 миңден ашуун улан-кыз аяктады. Алардын 70 миңге жакыны 11-классты бүтүрдү.(ZKo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG