Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

ЕБ элчилери Орусияга каршы санкциялардын он биринчи айлампасын макулдашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евробиримдиктин элчилери Орусияга каршы санкциялардын 11-айлампасын макулдашты. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Европа маселелери боюнча редактору Рикард Йозвяк билдирди.

Евробиримдикке учурда төрагалык кылып жаткан Швециянын өкүлчүлүгү билдиргендей, бул жолу санкцияларды айланып өтүүгө каршы чаралар камтылды жана «кара тизмеге» жаңы ысымдар кошулду.

Польшанын шаркеттеги элчиси Анжей Садос санкцияга 70 адам, анын ичинде Украинадан Орусияга балдарды мыйзамсыз депортациялоого жооптуулар жана санкцияларды айланып өткөн 30дай компания киргенин кошумчалады.

Тизме толугу менен 23-июнда Евробиримдиктин расмий журналында жарыяланат. Буга чейин бул жолку санкцияларга Казакстан, Кытай, Армения жана Бириккен Араб Эмираттарындагы компаниялар да кириши мүмкүн экени маалымдалган. Март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип, сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал биримдиктеги өлкөлөр менен Борбор Азиянын ортосундагы товар сатуу 300% өскөнүн белгилеп, Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жол бербөө маселесин койгон.

Май айында Украинага согуш ачканы үчүн АКШ Орусиянын 69 компаниясын “кара тизмеге” киргизген, алардан тышкары Армениянын бир, Кыргызстандын бир компаниясына санкция салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG