Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

CAFA Nations Cup: Кыргызстан Оманга жеңилди


CAFA Nations Cup - 2023: Кыргызстан Оман курама командаларынын беттеши. Ташкент шаары. 20-июнь, 2023-жыл.
CAFA Nations Cup - 2023: Кыргызстан Оман курама командаларынын беттеши. Ташкент шаары. 20-июнь, 2023-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA Nations Cup - 2023 мелдешинде Оман курама командасына 1:0 эсебинде жеңилип, төртүнчү орунду ээледи. Оюндагы жалгыз голду омандык жарым коргоочу Аршад Аль Аляви гол киргизди. Муну менен Оман курама командасы мелдештин коло байгесине ээ болду.

Оюн бүгүн, 20-июнда Ташкент шаарындагы "Пахтакор" стадионунда өттү. Учурда Өзбекстан курама командасы менен Иран биринчи орун үчүн ойноп жатат.

Омандын курама командасы менен Кыргызстан 2024-жылдын январь айында Катарда өтө турган Азия кубогунда да бир тайпага туш келген. Оман ФИФАнын апрелде жарыяланган рейтингинде 73-орунга чыккан. Ал эми Кыргызстан курамасы 96-орунда турат.

Борбор Азия футбол ассоциациясы (CAFA) уюштурган Улуттар кубогунун тайпалык оюндары 10-июндан 17-июнга чейин Бишкекте жана Ташкентте өттү. А тайпасында Өзбекстан, Тажикстан, Оман жана Түркмөнстан ойноду. А тайпасында биринчи орунду Өзбекстан, экинчи орунду Оман курамасы ээлеген.

Кыргызстан В тайпасында Ооганстан жана Ирандын командасы менен беттешти. Кыргызстан Ооганстанды утуп (3:0), Иранга жеңилип, тайпада 2-орунду ээледи. Ирандын курамасы Кыргызстан (5:1) менен Ооганстанды утуп (6:1), тайпада биринчи орунду алды.

Мелдештин шартына ылайык эки тайпанын жеңүүчүлөрү финалда, экинчи орунду ээлеген командалар коло байге үчүн беттешет.

CAFA Nations Cup - 2023 - Борбор Азиянын футбол бирикмеси уюштурган мелдеш. Быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жатат. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG