Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Сот Кадырбек Атамбаев менен "Бишкек 24" сайтын Жунусбековго 30 миң сомдон төлөөнү милдеттендирди


Төрөхан Жунусбек.
Төрөхан Жунусбек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Төрөхан Жунусбековдун шаардык кеңештин депутаты Кадырбек Атамбаевге жана "Бишкек 24" интернет каналына каршы берген арызын жарым-жартылай канааттандырды.

Бул тууралуу 20-июнда аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Райондук сот Атамбаев жана "Бишкек 24" агенттигин Жунусбековдун "ар-намысына шек келтирген жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткан" деп таап, ага "моралдык зыян келтиргени үчүн" 30 миң сомдон төлөп берүүнү милдеттендирди. Аталган басылма буга чейин жарыялаган маалыматтарын төгүндөгөн билдирүү таратышы керек.

Төрөхан Жунусбеков сотко былтыр декабрда кайрылып, аталган маалымат булагы Аза кызматынын иши тууралуу эски видео, иликтөөлөрдү колдонуп каралаган материал жасаганын билдирген. Бул иликтөөнү Фейсбуктагы баракчасына жарыялаганы үчүн Атамбаевди да сотко берип, андан жана басылмадан 3 млн. сом талап кылган.

Мунун алдында "Бишкек-24" агенттиги Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнүндө маркумду жерге берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөр боюнча материал жарыялаган. Аталган басылма иликтөөдө Жунусбековдун өзүнө дагы сөз берилгенин айтып жатат.

Атамбаев Жунусбековдун арызы жана соттун чечими боюнча комментарий бере элек.

Бишкектеги көр сатуу фактылары тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаев иликтөө жүргүзүп, анын негизинде 2019-жылы кылмыш иши козголгон.

2021-жылы май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги муниципалдык ишканасынын кызматкери 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG