Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Кыргызстанда ЖККУнун аскердик машыгуусу өтөт


ЖККУнун былтыркы машыгуусу. Тажикстан. Октябрь, 2022-жыл.
ЖККУнун былтыркы машыгуусу. Тажикстан. Октябрь, 2022-жыл.

Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн “Бузулгус боордоштук-2023” деп аталган командалык-штабдык машыгуусу Кыргызстанда быйыл күзүндө өтөт. Буга байланыштуу бүгүн, 20-июнда уюмдун Тынчтыкты орнотуучу күчтөрү менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабдын Бишкектеги Күжүрмөн даярдоо борборунда сүйлөшүү болду.

Башкы штаб тараткан маалыматка караганда,иш-чарага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикистандан делегациялары, ошондой эле уюмдун өкүлдөрү катышты.

Кыргызстан ЖККУнун былтыр күзүндө Тажикстанда өткөн аскердик машыгууларына катышкан эмес. Ошондой эле уюмдун аскердик машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тарткан. Буга былтыр сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу негиз болгону кабарланган.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG