Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

Министрлер кабинети Бишкектеги ыш көйгөйүн талкуулады


Соңку жылдары Бишкек айрыкча суук түшкөн маалда дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын сап башына чыгып келет.
Соңку жылдары Бишкек айрыкча суук түшкөн маалда дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын сап башына чыгып келет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-июнда жылытуу мезгилинде Бишкектин экологиялык абалын жакшыртуу жана ышты алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) отун менен камсыздоо түзүмүн өзгөртүү, көмүрдүн ордуна жаратылыш газын пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат айтылды. Эгерде ЖЭБди жаратылыш газына өткөрсө, көмүрдү колдонуу 600 миң тоннага чейин кыскарат.

Бишкек мэри Эмил Абдыкадыров учурда 22 отказан газ менен жылытууга өткөрүлүп жатканын маалымдады. Анын айтымында, жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн 800 автобустун келиши күтүлүүдө.

"Бул Бишкектин көчөлөрүндөгү автоунаалардын санын бир топ кыскартат жана ага жараша машиналардан бөлүнүп чыккан газды азайтат",- деди мэр.

Калаа башчысы тигүү цехтеринин жана дөңгөлөктөрдүн калдыктарын сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын, жылдын аягында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу ишке кирерин, таштанды төгүүчү жайдагы өрт толугу менен өчүрүлөөрүн кошумчалаган.

Жапаров элдин жаратылыш газына туташуусу жана газ казандарын сатып алуусу үчүн пайызсыз насыяларды берүү, электр энергиясына тарифтердин мисалында жаратылыш газы үчүн төлөмдүн дифференцияланган системасын иштеп чыгууну тапшырды.

“Жакынкы арада бул маселе боюнча комплекстүү чаралар көрүлөт. Эгерде биз пландагандын баары ишке ашырылса, түтүн маселеси чечилет”, - деди Жапаров.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Бишкектеги ыштан арылуунун аргасын табуу үчүн жол картасын иштеп чыгып, мекемелер аралык комиссия түзөрүн билдирген.

Быйыл декабрь айында Кыргыз гидрометеорология институту Бишкектин абасында күкүрт кош кычкылы, азот кычкылы, формальдегид заттары нормадан ашык экени атайын изилдөөдө аныкталганын билдирген.

Ага чейин 30-ноябрда ЮНИСЕФтин "Бишкектеги аялдар менен балдардын ден соолугу менен социалдык жашоосуна булганыч абанын тийгизген таасири" аттуу изилдөө чыккан. Анда 2021-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 30-июнуна чейин Бишкекте ыш 112 өлүмгө себеп болуп, шаардыктар 2 миллиард сом материалдык чыгым тарткан деген тыянак чыгарган.

Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФтин бул тыянагын четке кагып, мындай фактылар далилденбегенин билдирген.

Соңку жылдары Бишкек айрыкча суук түшкөн маалда дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын сап башына чыгып келет.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG