Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Карындашын коргоп, ок чыгарган деп шек саналган кишиге сот өкүмү чыкты


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 2022-жыл, июль айы.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 2022-жыл, июль айы.

Чүй райондук соту адам өлтүрүүгө шектелген Сухраб Жумакуловду үч жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, Жумакуловго алгач Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин (“Адам өлтүрүү”) 2-бөлүгү (“Бейбаштык максатта”) жана 267-беренеси (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча айып коюлган. Сот чечиминде ал беренелер 123-беренеге (“Аффект абалында адам өлтүрүү”) алмаштырылды.

2022-жылы июль айында Чүй милициясы Бишкек–Торугарт автожолунун 69-чакырымында ок жеген 47 жаштагы эркек киши “Тез жардам” барганча көз жумганын маалымдаган.

Милициянын версиясы боюнча, эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин бараткан жерине жетип алуу үчүн аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Айдоочу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып, башка машинага түшүп кеткен, бирок ал артынан барып, күч колдонуп, чачынан сүйрөп, аны сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы барып калып, травматикалык тапанчадан ок чыгарган.

Шектүү катары 36 жаштагы Сухраб Жумакулов кармалган. Карындашы бийликке кайрылып, агасынын ишинин калыс тергелишин жана аны үй камагына коё берүүнү суранган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG