Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Адвокат Жоошев Кемпир-Абад иши сотко өткөрүлгөнүн билдирди


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын айрымдары.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын айрымдары.

Кемпир-Абад иши сотко өткөрүлүп, алдын ала соттук угуу 22-23-июнга дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул иш боюнча шек саналып жаткан жарандык активист Илгиз Сарылдык уулунун (Шаменов) адвокаты Замир Жоошев билдирди. Ал отурум жабык өтөрүн, ушул эле күндөрү тергөө абагында жаткандардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөр да караларын кошумчалады.

“Биз соттук процесстер ачык өтүшү керек деп сунуш беребиз. Жашыруун делген кагаздар жабык отурумда карала берсин. Биз негизи жалпы иш ачык каралышы керек деп эсептейбиз. Тергөө иштин баарына “купуя сыр” деген белги коюп койгон. Биз ага макул эмеспиз”.

Кемпир-Абад иши дээрлик сегиз ай тергелди. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 16сы абакта жатат. Калган 11и ар кандай жагдайда үй камагына чыккан. Аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова абакта калган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук деп баалап келет.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган. Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн.

Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG