Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Пакистанда адам аткезчилиги менен алектенген 10 киши кармалды


Грекияда куткарылган мигранттар. 14-июнь, 2023-жыл
Грекияда куткарылган мигранттар. 14-июнь, 2023-жыл

Пакистандын бийлиги жекшембиде адам аткезчилиги менен алектенген 10 кишини кармады. Бир нече күн мурун Грекиянын жээгинде ондогон мигрант чөгүп кеткен. Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф адам аткезчилигине аралашкан ортомчуларга катаң чара көрүүнү буйруду жана алар “катуу жазаланарын” эскертти.

Жыл сайын миңдеген пакистандык жаштар жакшы жашоо издеп Европага мыйзамсыз кирүүгө аракет кылып, опурталдуу сапарга аттанышат.

Шаршемби күнү Грекиянын Пелопоннес жарым аралында чөгүп кеткен дат баскан траулердин бортунда бараткан кеминде 78 киши набыт болуп, жүздөгөнү дайынсыз жоголгон. Болжол менен арасында ондогон пакистандык бар болчу.

Расмий маалыматка караганда, Пакистандын карамагындагы Кашмирде тогуз киши, Гужратта бир киши кармалды. Грекияда каза тапкандардын көбү Кашмирден болчу.

Эл аралык Миграция уюму менен БУУнун Качкындар агенттиги биргелешкен билдирүүсүндө кемеде 400дөн 750гө чейин киши болгону айтылган.

Ишембиде Пакистандын Тышкы иштер министрлиги 12 жаран аман калганын, бирок аларда траулерде канча адам болгону тууралуу маалымат жок экенин билдирди.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG