Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:12

Кербен шаарындагы аэропорт быйыл августта ишке кирет


Садыр Жапаров Кербендеги аэропортто. 2023-жылдын 17-июну.
Садыр Жапаров Кербендеги аэропортто. 2023-жылдын 17-июну.

Президент Садыр Жапаров 17-июнда Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Аксы районунун Кербен шаарындагы «Караван» аэропорту менен таанышты. Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, президент аэропорттун учуу-конуу тилкесин оңдоо иштерин көрдү. Аэропорт 1972-жылы пайдаланууга берилген жана 2007-жылдан бери иштебей турган.

Аэропортто ички аба каттамдарды тейлей турган аэровокзал бар жана ал бир айдан кийин ишке берилмекчи.

Садыр Жапаров аймактардагы аэропортторду модернизациялоо менен ички аба каттамдарын жандантуу аракеттери көрүлүп жатканын белгилеп, бул иштер жарандарга шарт түзүүгө, туризмди өнүктүрүүгө жана аймактардын экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталып жатканын айтты, делет маалыматта.

Акыркы жылдарда Кыргызстандын Каракол, Баткен, Талас шаарларындагы ички аэропортторду жакшыртууга багытталган жумуштар жүрүп жатат.

Ички рейстер экономикалык жактан алганда өзүн өзү актабастыгы айтылып келет, ошол себептен аба компаниялары ички багыттарды ачпай келатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG