Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Балбандар Алмаз уулу менен Токтомамбетов жаштар арасында Азия чемпиону болушту


Архив сүрөт. Орозобек Токтомамбетов эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында алгакы жолу Азия чемпиону болгон кез. 25-июнь, 2023-жыл. "Бишкек-Арена".
Архив сүрөт. Орозобек Токтомамбетов эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында алгакы жолу Азия чемпиону болгон кез. 25-июнь, 2023-жыл. "Бишкек-Арена".

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Бекзат Алмаз уулу менен Орозобек Токтомамбетов жеңүүчү болушту. Каныбек Абдулхаиров күмүш байгеге ээ болду.

“Бишкек-Арена” спорт комплексинде бүгүн, 17-июнда эркин күрөштөн үч салмакта, кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта таймаштар өттү.

Эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу финалда казакстандык Ерассыл Мухтарулы менен беттешип, 8:0 эсебинде утту. Алмаз уулу финалга чейин түркмөнстандык Атажан Меретдурдиевди (10:0), монголиялык Мунх Эрдене Батхуягды (11:1) жана жарым финалда индиялык Шубхам Шубхамды (15:5) жеңип алган.

70 килограмм салмакта финалда Орозобек Токтомамбетов тажикстандык Мустафо Ахмедов менен күрөшүп, 4:0 эсебинде утту. Ал финалга чейин чейрек финалда Кытай Тайбэйинин өкүлү Хонг Ю Ченди (10:0), жарым финалда индиялык Абхиманю Абхиманюну (13:1) утуп алган.

22 жаштагы Орозобек Токтомамбетов ушуну менен эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында экинчи жолу Азия чемпиону болуп жатат. Ал былтыр Бишкекте өткөн мелдеште дагы дал ушул салмакта жеңүүчү болгон. Эки жума мурда Бишкекте өткөн Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган рейтингдик мелдеште дагы алтын медал тагынган.

97 килограмм салмакта финалда Каныбек Абдулхаиров казакстандык Юнус Гафуровго жеңилип, күмүш медал тагынды. Финалга чейин Абдулхаиров чейрек финалда индиялык Сахил Сахилди (11:1), жарым финалда өзбекстандык Мухаммадрасул Рахимовду (3:1) жеңип, алтын байге үчүн таймашка жолдомо алган.

Бул күнү кыз-келиндер күрөшүнөн төрт салмакта кыргызстандык кыздар күч сынашты. Бермет Нуридин кызы (57 кг) жана Дилназ Сазанова (65 кг) коло байге үчүн беттештерде жеңилишти.

Ал эми Айжан Сабырбек кызы (53 кг) менен Таңчолпон Кыбалбекова (62 кг) айлампа тартибинде өткөн таймаштарда 3 раундга чейин күч сынашып, беттештерин жыйынтыкташты.

Күрөштүн бул түрүнөн кечээ, 16-июнда өткөн таймаштарда Кыргызстандын эсебине бир күмүш жана бир коло байге жазылган. 76 килограмм салмакта Кайыргүл Шаршебаева күмүш, 68 килограмм салмакта Нурзат Нуртаева коло байге алган.

Ага чейин болгон грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда Кыргызстандын балбандары үч алтын жана беш күмүш медал менен командалык эсепте Казакстандан кийин 2-орунду ээледи.

15-июнда башталган күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты “Бишкек-Арена” спорт комплексинде 18-июнда аяктайт. Кыргызстандан бул күнү Абдымалик Карачов (61 кг), Аден Сакыбаев (65 кг), Адилет Жапаркулов (74 кг), Алинур Такиров (79 кг), Мухаммад Абдуллаев (86 кг), Стамбул Жаныбек уулу (92 кг) жана Арсланбек Турдубеков (125 кг) күч сынашат.

Буга чейин 10-июндан 13-июнга чейин ушул эле спорт комплексте күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты өтүп, Кыргызстандын балбандары беш алтын, үч күмүш жана беш коло байгеге ээ болушкан. Удаа өтүп жаткан кош чемпионатка 22 мамлекеттен 500гө жакын спортчу келген. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG