Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Украина Угледар, Орусия Белгород аткыланганын билдирди


Аткыланган үй. Донецк, Украина.
Аткыланган үй. Донецк, Украина.

Акыркы суткада орус армиясы Украинанын Донецк облусундагы Угледар шаарын 20 жолу атканын облустук аскер администрациясынын башчысы Павел Кириленко маалымдады. Ага ылайык, бир адам набыт болду, кыйроолор катталды.

Ошондой эле Сумы, Запорож, Чернигов, Херсон жана башка облустар да аткыланганы, набыт болгондор жана жаракат алгандар бар экени кабарланды. Бул аймактардын бийликтери үйлөр жана социалдык мекемелер кыйрап, инфраструктура бузулганын маалымдашууда. Харьковдо эки ыктыярчы курман болгон.

Украин Коргоо министрлиги аскерлери бир нече багытта чабуул жасап, ийгилик жаратып жатышканын билдирди. Киевдин маалымдашынча, Орусия армиясы Бердянск жана Мариупол багыттарындагы фронттун эки тилкесинен аскерлерин алып, аткылоону күчөттү. Аймактарга мина коюлган.

Орусияда өткөн түндө Брянск облусундагы "Достук" мунай кууруна дрондор менен чабуул жасалганын аймактын губернатору Александр Богомаз Телеграмм каналына жазды.

Украина тараптан тынымсыз аткылоолор болуп жатканын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлиги жума күнү орус армиясы украин куралдуу күчтөрүнүн чечим кабыл алуучу борборлорунун бирине сокку урулганын 17-июнда маалымдады. Билдирүүдө сокку бутага так тийгени маалымдалды.
Украин тарап билдирүүгө жооп бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG