Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:29

Зеленский Африка лидерлеринин Орусия менен сүйлөшүү сунушун четке какты


Африка өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушуу. Киев. 16-июнь, 2023-жыл.
Африка өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушуу. Киев. 16-июнь, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Африка өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушууда Орусия менен тынч сүйлөшүүлөр алардын аскерлери украин аймагынан толук чыгып кеткенден кийин гана болушу ыктымалдыгын айтты. Ал бул тууралуу жолугушуудан кийин Киевде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

"Бүгүнкү жолугушууда мен бир нече жолу так айттым. Орусия баскынчы болуп биздин жерде турган кезде аны менен жүргүзүлгөн кандай гана сүйлөшүү болбосун согушту тоңдурууга, кайгы-муңду тоңдурууга барабар. Бизге азыр чыныгы тынчтык керек, демек, орус аскерлери биздин бардык эгемен аймагыбыздан чыгарылып кетүүгө тийиш", - деди ал.

Зеленскийдин маалымдашынча, Африка биримдигинин лидерлери менен сүйлөшүүдө Украинадан дан экспорттоо маселеси да көтөрүлгөн.

"Биз дүйнө элине чындап көмөктөшүп келе жатабыз, өзгөчө Африка, Азия жана Европанын эли социалдык туруктуулукту, азык-түлүк бааларын биздин экспорттун аркасы менен кармап келе жатышат. Өнөктөштөрүбүз менен бирге биз Африкадагы дан хабдары боюнча иштеп жатабыз. Азык-түлүк коопсуздугу бекем кепилдикке алынууга тийиш".

Украин президенти Орусия азык-түлүк базарында монополист болуу үчүн украин портторунун жолун тосуп жатканын кошумчалады.

16-июнда Африка өлкөлөрүнүн лидерлери Киевге тынчтык орнотуу миссиясынын алкагында барышты. Алардын ичинде Түштүк Африка Республикасынын лидери Сирил Рамафоса, Комор аралдары биримдигинин президенти Азалия Ассомани, Сенегалдын мамлекет башчысы Маки Салл, Замбиянын лидери Хакаинде Хичилема, Египеттин премьер-министри Мустафа Мадбули, Конго президентинин атайын өкүлү Флоран Нциба, Уганда президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Рухакана Ругунда бар. Алар украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушкан соң ишембиде Санкт-Петербург шаарына, орус президенти Владимир Путин менен жолугуу үчүн жөнөп кетишет.

Украинадагы согуштан улам буудайдын кескин кымбаттап кетиши Африка мамлекеттерине өзгөчө оорчулук жаратты.

Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда "аскердик операция" деген жүйө менен бастырып кирген.

2022-жылы 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG