Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Грекияда 79 мигранттын өлүмүнө байланыштуу тогуз киши кармалды


Грекиянын Жээк көзөмөл кызматы мигранттар бараткан кеме чөгөрдүн алдында тартылган сүрөттү таркатты. 14-июнь, 2023-жыл.
Грекиянын Жээк көзөмөл кызматы мигранттар бараткан кеме чөгөрдүн алдында тартылган сүрөттү таркатты. 14-июнь, 2023-жыл.

14-июнда кеме кырсыгында чөгүп өлгөн 79 мигранттын өлүмүнө байланыштуу тогуз киши кармалды. Бул тууралуу "Рейтерс" агенттиги өз булактарына таянып жазды. Кармалган Египеттин жарандары адам аткезчилигине шектелүүлө. Алардын арасында кеменин капитаны да бар.

Каза болгондордун саны дагы өсүшү боолголонууда. Грек өкмөтүнүн өкүлү Илиас Сиакантарис билдиргендей, ырасталбаган маалыматтар боюнча кемеде 750дөй мигрант болгон. Арасында ондогон балдар да бар. Алардын жүздөн ашууну куткарылды. Аман калгандардын ичинде египеттиктер, сириялыктар, пакистандыктар да бар.

Маалыматтарга караганда, кеме Египеттен бош чыгып, Ливиянын Тобрук шаарында мигранттарды алып Италияны көздөй бараткан.

Грекия - Түндүк Африкадан жана Жакынкы Чыгыштан мигранттар башпаанек издеп, Европа Биримдигине барууга аракет кылган негизги жолдордун бири.

БУУнун маалыматы боюнча, буга чейин 72 миңдей мигрант ушундай жол менен Европага өтүп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG