Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:00

Орусияда дагы бир крымдык татарлардын активисти 20 жылга кесилди


Крым татарларынын активисти Ансар Османов сотто. Сүрөт качан, кандай шартта тартылганы белгисиз.
Крым татарларынын активисти Ансар Османов сотто. Сүрөт качан, кандай шартта тартылганы белгисиз.

Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аймактык аскердик соту «Крым тилектештеги» бирикмесинин активисти Ансар Османовду 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бирикменин маалымат кызматы билдирди. Османовду сот "террордук уюмдун ишмердүүлүгүн уюштурганы, бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөнү үчүн" күнөөлүү деп тапты. Федералдык коопсуздук кызматынын версиясына ылайык, "Хизб ут-Тахрир" уюмунун Османов түздү делген бөлүмүнүн жыйындарында «Орусия Федерациясынын мамлекеттик түзүлүшүн жана саясий системасын пропаганданын жардамы менен өзгөртүү ниеттери талкууланган».

Османовдун адвокаты билдиргендей, сот прокурор сурагандан эки жылга көп берди. Активисти 4-февралда үйүнөн кармап кетишкен.

Ансар Османов активист катары саясий себептер менен айыпталып жаткан крым татарларынын сотторуна барып катышып жүрчү. Ал беш баланын атасы.

"Хизб ут-Тахрир" уюму Орусиянын Жогорку сотунун чечими менен 2003-жылдан бери террордук уюм катары таанылып, өлкө аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Орусия Украинанын Крым жарым аралын басып алгандан бери 70тей киши кармалган. Крым татарлары 2014-жылы аралдын Орусияга кошулуусуна каршы чыгышкан. Украинада "Хизб ут-Тахрир" уюмуна тыюу салынган эмес. (ExK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG